Бакиров кримтөбөл менен жолукканын четке какты
RU

Бакиров кримтөбөл менен жолукканын четке какты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров 25-декабрда криминалдык авторитет Камчы Асанбек менен жолугушканын төгүндөгөн. Анын мындай пикиринен кийин УКМК билдирүү жасады.

"Тиешелүү кылмыш ишинин алкагында бир катар тергөө амалдары жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында аталган жолугушуунун фактысы аныкталган. Депутат Өмүрбек Бакиров менен кримавторитет Камчы Асанбек жолугушканы тастыкталган. Муну сурак учурунда Камчы Асанбек тастыкталган. Бакиров чындыкка дал келбеген билдирүүлөрдү жасап, коомчулукту атайылап адаштырууда", - дешет мекемеден.

Белгилесек, Өмүрбек Бакиров 27-декабрда УКМКга сурак берип чыккан. Эртеси 28-декабрда УКМКдан Бакиров уюшкан кылмыштуу топтун лидери менен жолугушканын кабарлаган. Атайын кызматтан бул боюнча далилдүү фактылар бар экенин айтышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9750