Суракта болгон Өмүрбек Бакиров: Эмнеге чакырышканын түшүнгөн жокмун
RU

Суракта болгон Өмүрбек Бакиров: Эмнеге чакырышканын түшүнгөн жокмун

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Өмүрбек Бакиров 27-декабрда УКМКга сурак берип чыкты. Маалыматты Kaktus.media сайтына өздүк булактар билдиришти.

Бизге жеткен маалыматка караганда, эл өкүлү бир жарым сааттай суракта болгон. Дагы бир өздүк булактын айтымында, депутаттан ишмердүүлүгү, акыркы учурда эмне менен алек болгону, кимдер менен жолукканы тууралуу сурашкан.

Бүгүн, 28-декабрда депутат Kaktus.media сайтына сурак бергени боюнча пикирин айтты.

"Мен жакында эле Ысык-Көлгө кымыз ичип, эс алуу үчүн баргам. Менден ошол эс алуум туурасында сурашты. Андан тышкары кайсы жактарга барарыма, эмне менен алектенериме кызыгышты. Мен шаарда эле жүрөрүмдү айттым. Эмнеге суракка чакыртылганымды түшүнгөн жокмун, профилактика үчүн окшойт", - деди Бакиров.

Эске салсак, 2021-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу, тагыраагы, Өмүрбек Бакиров добуштарды сатып алган деп айыпталып, сот ишти карамай болгон. Бул окуянын алдында депутат менен Камчыбек Ташиевдин ортосунда пикир келишпестик болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9739