Дайынсыз болуп жаткан аскер Дастан Анарбековдун сөөгү жерге берилди
RU

Дайынсыз болуп жаткан аскер Дастан Анарбековдун сөөгү жерге берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуяда дайынсыз болгон Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлигинин лейтенанты Дастан Анарбековдун сөөгү "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде жерге берилди. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.

Аза күтүү музыкасынын коштоосунда Ардактуу кароолдун ротасы Дастан Анарбековдун сөөгүн буга чейин комплекске коюлган, танк экипажынын үч мүчөсү, УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери Шерали Анаркулов, Санжарбек Анаркулов жана Жаныбай уулу Тилектин жайынын жанына жерге беришти.

Ротанын аскер кызматкерлери үч жолу ок чыгардып, митинг-реквиемдин катышуучулары жоокердин жайына бир ууч топурак ыргытышып, эскерүү дубасы окулду.

Дастан Анарбеков менен коштошуу зыйнатына президент Садыр Жапаров катышып, мекен үчүн баатырларча курман болгон чек арачынын үй-бүлөсүнө, ата-энесине жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Белгилей кетсек, "Достук" чек ара тозотунун башчысынын орун басары, 21 жаштагы Дастан Анарбеков Талас облусунда туулган. Ал 2022-жылдын 16-сентябрында Достук айылын коргоодо мектептин аймагында каза болгон.

Чек арачынын сөөгү көпкө чейин белгисиз бойдон калып, бир катар экспертизалардан кийин гана анын өздүгү такталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9758