ДНК анализдин жыйынтыгы Дастан Анарбековдун каза болгонун көрсөттү. Апасы макул эмес
RU

ДНК анализдин жыйынтыгы Дастан Анарбековдун каза болгонун көрсөттү. Апасы макул эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин Чек ара кызматы бронежилет кийген аскер кызматкеринин денесинин калдыктары табылганын, ал дайынсыз болуп жаткан лейтенант Дастан Анарбековгго таандык болушу мүмкүн экенин кабарлаган. Табылган сөөккө ДНК-тест дайындалганы белгилүү болгон.

Бүгүн, 26-октябрда Дастан Анарбековдун апасы Сауле Иманалиева Kaktus.kg`ге генетикалык тесттин жыйынтыгы чыкканын билдирди. Ал генетикалык-экспертиза Дастандын каза болгонун көрсөткөнүн, бирок анализ туура эмес жүргүзүлгөн дейт. Сауле Иманалиева экспертизанын корутундусуна эмнеге макул эместигин төмөндөгүчө түшүндүрдү:

  • Генетикалык текшерүү үчүн биологиялык материалдын үлгүлөрүн алуу туура эмес өткөн. 21-сентябрда Дастандын атасынан кан алынган, 6-октябрда текшерүүгө жөнөтүлгөн. Канды сактоо мөөнөтү 3 күндөн ашпоо керек.
  • Митохондриялык ДНК энеден алынат, бирок менден алышкан эмес.
  • Анализдик конвертти ачуунун жол-жобосу сакталган эмес. Тагыраагы, конверт ачык болгон. Аны туугандарынын, жакындарынын катышуусунда ачышы керек болчу. Жыйынтык 99% уулум экенин көрсөттү.
  • Материалдар менен тааныштыруу үчүн күйөөм (ал Бишкекте болчу) жана кайним чакырылган. Мен шейшемби күнү эртең менен келдим. Мага жыйынтыгын көрсөткөн жок, мен көргөн жокмун, бербей жатышат.
  • Дүйшөмбү күнү кечке маал телефон чалып башташты. Аскер кызматкери менен бир аял уулумдун өлгөнүн көрүшкөнүн айтышып, ынандырууга араке жасашып, жыйынтыктарга макул болбой жатканым үчүн менин келесоо экенимди айтышты. Алар бир айдан ашык убакыт бою унчукпай отурушту, жыйынтык чыгаары менен пайда боло калышты. Ага чейин мени менен кантип байланышты билбей жүргөнүн билдиришип, акылга сыйгыс нерсени айтышты.
  • Көз карандысыз экспертиза жасатам, азыр Аскер прокуратурасынан чыккан материалды алышым керек.
  • Баламдын Тажикстанда жүргөндүгү тууралуу маалымат бар деген факт катталган.
  • Кыргыз Республикасынын Тажикстандагы элчисине кайрылуу жасадым.
  • Чек ара кызматынан дене калдыктарды алып барып жерге бергиле дешти. Биз баш тартпайбыз. Бирок көз карандысыз экспертиза жасаткандан кийин беребиз.

Белгилесек, Тажикстандын куралдуу агрессиясынан улам аскер кызматкери Дастан Анарбеков дайынсыз болуп жаткан. Анын изделип жатканына 40 күн болду.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9031