"Аз да болсо салым коштум". Ырчы Сагын Эргешов маданияттын мыкты кызматкери болду
RU

"Аз да болсо салым коштум". Ырчы Сагын Эргешов маданияттын мыкты кызматкери болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы, теле алып баруучу Сагын Эргешов "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды. Кубанычы менен ырчы өзү бөлүшүп, маданият тармагында 7-8 жылдан бери эмгектенип келе жатканын айтты.

"Таңкы саат 4-5те туруп, таңкы программаларды алып барып, кечинде радиодо иштеп, андан соң ырчылыкка кадам таштадым. Бул жолумда жети облуста 200дөн ашык концерт бергенге жетиштим. Маданиятка аз да болсо салым коштум деп ойлойм. Мен үчүн чоң стимул болду. Мындан ары бул сыйлык "Эл артисти" наамына чейин жол ачкан сыйлык болсун. Кыргыз элиме чоң рахмат. Бул сыйлык сиздердики", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9763