Дагы бир активист Нурбек уулу Камчы камакка алынды. Анын кайда экенин белгисиз
RU

Дагы бир активист Нурбек уулу Камчы камакка алынды. Анын кайда экенин белгисиз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте дагы бир активист Нурбек уулу Камчы кармалды. Ал кайсы жерде, кайсы орган аны камакка алганы белгисиз. Бул тууралуу Kaktus.media'га активист жана саясатчы Жеңиш Молдокматов кабарлады.

Анын айтмында, белгисиз адамдар тараптан камакка алынган Нурбек уулу Камчы жаңы Конституцияга каршы бир дагы кыймылга эч кандай тиешеси жок.

"Өткөн түнү, болжол менен саат 02:00 - 03:00 белгисиз адамдар Нурбек уулунун үйүнө келип, камакка алып, белгисиз тарапка алып кетишкен. Азыркыга чейин анын кайда экени аныктала элек. Биз адвокаттарга кайрылып, анын кайсы жерде экенин билип бергиле, деп суранганбыз, азырынча эч кандай жаңылык жок", - деди Молдокматов.

Молдокматов юристтерге жана жарандык коомго кайрылып, Кыргызстанда болуп жаткан процесстерге көңул бурууну өтүндү.

"Башкача пикирде болгондор кысымга алына башташты. Бийликтин мыйзамсыз иштерине каршы чыккандардын коопсуздугуна коркунуч жаралууда", - деди ал.

Андан тышкары ал, кечээ, 16-мартта УКМКнын кызматкерлери "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсүн суракка чакыртканын айтты. Профилактикалык сүйлөшүүдөн кийин аны кое беришкен.

Белгилүү болгондой, УКМКга жеткирилген активист Бекмурат Ооган уулу буга чейин Facebook баракчасына "Ханституцияга" каршы экенин жазып, "Тилекмат Курнеовго боштондук" деп талап кылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/976