Жаңы конституцияга каршы чыгып жаткан активист эмне үчүн кармалганы белгилүү болду
RU

Жаңы конституцияга каршы чыгып жаткан активист эмне үчүн кармалганы белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте укук коргоочу органдар активист Тилекмат Куреновду камакка алышты. 9-мартта ал "Ак үйдүн" алдындагы Конституциянын жаңы редакцисына каршы митингдин уюштуруучулардын бири болчу.

Андан тышкары, Тилекмат Куренов Жетим-Тоо тоо кенин жана чек араларды коргоо кыймылынын уюштуруучусу катары таанымал. Ал парламенттин 6-чакырылышын таратып жиберүү керек дегенге кошулуп, президентке импичмент жарыялоону сунуштаган. Куреновдун тарапташтарынын айтымында, бул саясий куугунтуктоо болушу мүмкүн.

Андан кечирээк "Замандаш" партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов Тилекмат Куреновдун эмне себептен камакка алынганын айтып берди. Ал берген маалыматка ылайык, укук коргоочу органдар активистти Facebook'ка жарыяланган посту үчүн кармашкан. Анда бийликти кулатуу чакырыктары айтылган болчу.

"Алар корутундуну алдын ала даярдап, экспертиза өткөрүшкөн. Бүгүн, 16-мартта Тилекмат Куреновго Бишкектин Биринчи май райондук соту жаза чарасын чыгарат", - деди Жеңиш Молдокматов.

Саясатчы, азыркы бийликке кайрылып, ката кетирбөөгө чакырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/956