Буга чейин кармалган дарыгерлер камакка алынды
RU

Буга чейин кармалган дарыгерлер камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин кармалган Бишкектеги Балдардын шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлери 10-январга чейин камакка алынды. Маалыматты Kaktus.kg сайтына Бишкек шаардык сотунан ырасташты.

Белгилүү болгондой, 2022-жылдын 30-декабрында Ленин райондук сотунун чечими менен М.К.Б., Э.А. А.Г.Э., К.Б.Б. жана М.Ж.М"га карата СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

Ал эми И.Р.О. аттуу дарыгер үй камагына чыгарылды.

Жогорудагы медицина кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кылмыш жасаган деген айып тагылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9786