Бишкекте 2 жаран кызды үйүнө жеткиребиз деп ала качып кетишкен
RU

Бишкекте 2 жаран кызды үйүнө жеткиребиз деп ала качып кетишкен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте кыз ала качууга шектелип 2 жаран кармалды. Ленин РИИБдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, алар 21 жаштагы кызды үйүнө жеткирип коёбуз деп алдашкан.

2022-жылдын 27-декабрында 21 жаштагы К.Н. милицияга арыз менен кайрылган. Ал муз аянтынан үйүнө жеткирип коёбуз деп, ала качып кеткен Ч. жана К. аттуу жигиттерге чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факты 172-берене (Никеге туруу максатында ала качуу) менен каттоого алынып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Шектүү катары М.Ч. жана Б.К. аттуу 30 жаштагы жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары улантылып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9822