Кочкордо уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 100 гектар жерди ээлеп алган
RU

Кочкордо уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 100 гектар жерди ээлеп алган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарын облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашкандай, кармалган жаран 100 гектардан ашык жер тилкесин ээлеп алган.

Маалым болгондой, Кочкор районунун аксакалдар кеңешинин жамааттык арызы боюнча жүргүзүлгөн тергөө иштеринин алкагында 4-январда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү А.Ы.А. кармалды. Ал 2022-жылы жеке жактарга кайра сатуу максатында өз билемдик менен Кочкор районунун аймагынан 100 гектардан ашык жер тилкесин ээлеп алган. Ошондой эле аксакалдар кеңешинин мүчөлөрүнө физикалык күч колдонуп, коркуткан.

УКМКдан кармалган А.Ы.А. Кочкор РИИБдин жетекчилигин колго алуу менен Кочкор айылындагы кафенин ээсинен опузалап акча талап кылып кармалган Ш.Н.О`нун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү экенин кабарлашты.

Учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары улантылып жатканы белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9823