Салык кызматы Арзыбек Кожошевдин декларациясындагы 31 батир боюнча ката кеткенин айтат
RU

Салык кызматы Арзыбек Кожошевдин декларациясындагы 31 батир боюнча ката кеткенин айтат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик салык кызматы министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары Арзыбек Кожошевдин жана анын жакын туугандарынын чыгашалары, кирешелери тууралуу декларацияда ката кетирип алган. Бул туурасында Kaktus.media сайтына Салык кызматынан кабарлашты.

Декларацияда Кожошевдин жакындары 31 батирге (аянттары 22,9 чарчы метр деп көрсөтүлгөн) ээлик кылары жазылган.

"Аткаминерлердин декларациясын талдаган кызматкерлер жыйынды маалыматты жарыялоого даярдап жатып техникалык ката кетиришкен. Кыскача маалыматта мүлктүн аталышынын ордуна мүлктүн коду көрсөтүлгөн. 31 саны - жеке жашоо үчүн пайдаланылган дачанын коду", - деп белгилешти аталган кызматтан.

Ал эми Кожошевдин өзүнө аянты 70,1 чарчы метр болгон батир жана Lexus үлгүсүндөгү унаа, ошондой эле 1,5 миллион сомдук мал-жандыгы бар экени жазылган. Ал 2021-жылы 737 760 сом киреше тапкан.

Кожошевдин жакындары дачадан тышкары жарым миллион сомдук зер буюмдарын дагы декларацияда көрсөткөн.

Учурда Арзыбек Кожошев Евразия экономикалык комиссиясынын Кыргыз Республикасынан министр болуп иштейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9853