Каржы пирамидасын уюштурган жаран кармалды. Милиция жабыркагандарды издейт
RU

Каржы пирамидасын уюштурган жаран кармалды. Милиция жабыркагандарды издейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Каржы пирамидасын уюштуруп, алдамчылык жол менен 23 миң доллар ээлеп алган жаран кармалды. ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан кармалган жарандын үстүнөн 30га жакын арыз түшкөн.

Тергөө кызматына шаар тургуну кайрылып С.И.Эгембердиевге карата чара көрүүнү суранган. Анда Эгембердиев 2022-жылдын сентябрынан ноябрь айына чейин "ОК Платформасы" аркылуу каражаттарды көбөйтүп берүүнү убадалап, пирамидалык схеманы уюштуруп, алдамчылык жол менен 23 миң доллар акчаны ээлеп алганын айткан.

Аталган факты 221-берене (каржы пирамидаларын уюштуруу) менен каттоого алынып, иш козголгон.

24-декабрда шектүү делинген С.Н.Эгембердиев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Эртеси Биринчи Май райондук соту С.Н.Эгембердиевди тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө 28 жаран ушундай эле арыз-даттануулар менен республиканын ички иштер бөлүмдөрүнө кайрылышып, арызда көрсөтүлгөн дооматтардын негизинде кылмыш иштери козголуп, бардык иштер бир өндүрүшкө бириктирилип тергөө иштери башталган.

Учурда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана тергөөгө камсыз кылуу багытында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Жогорудагы адамдын кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо Тергөө кызматына кайрылса болот. Байланыш телефондору: 0550233747, 0702373770, 0773398585, 0709008887 , 0312266108.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9873