Ташиев кыргыз-тажик кагылышында каза болгон жоокерлер тууралуу китеп чыгарууну тапшырды
RU

Ташиев кыргыз-тажик кагылышында каза болгон жоокерлер тууралуу китеп чыгарууну тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон жоокерлердин элесин түбөлүккө калтыруу максатында китеп чыгаруу демилгесин көтөрдү. Аталган комитеттен маалымдашкандай, 10-январда Ташиев кеңешме өткөрүп, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүнү тапшырды.

Ага ылайык:

  • Биринчи кезекте Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кагылышууда курман болгон аскер кызматкерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча китеп чыгаруу тапшырмасы берилди.
  • Басылманы республиканын бардык орто мектептерине жана жогорку окуу жайларына таратуу чечими кабыл алынды (Билим берүү жана илим министрлигине окуу планына өзгөртүү киргизүү боюнча сунушу менен). Ошону менен бирге китепти басып чыгаруу коммерциялык максатты көздөбөшү керектиги айтылды.
  • Окурмандардын (өзгөчө жаш муундардын) патриоттук сезимин жана курман болгон жоокерлерге болгон сый-урматты чыңдоо максатында кагылыш болгон жерлерде түз иш алып баруу, кагылышка чогуу катышкан жолдоштору, командирлер менен баарлашуу сунушталды.
  • Жыйындын соңунда Ташиев китептердин басылышы 2023-жылдын 31-августуна, акыркы мөөнөтү кыргыз-тажик жаңжалынын бир жылдыгына (2023-жылдын сентябрь) чейин бүтүшү керектигин тапшырды.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9883