Парламент таксисттерди лицезия алууга милдеттендирүү мыйзам долбоорун четке какты
RU

Парламент таксисттерди лицезия алууга милдеттендирүү мыйзам долбоорун четке какты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таксисттерди лицензия алууга милдеттендирген мыйзам долбоорун парламент колдогон жок. Жогорку Кеңештен билдиришкендей, бүгүн, 11-январда "КР лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов аталган мыйзам долбоору президенттин "КР жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгын аткаруу максатында иштелип чыкканын белгиледи.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев "Автомобиль транспорту жөнүндө" мыйзамына ылайык, оң рулдуу унаалар менен жүргүнчүлөрдү коммерциялык түрдө ташууга тыюу салуу нааразычылыктарды жаратышы мүмкүн экенин белгиледи.

Ал эми эл өкүлү Марлен Маматалиев такси паркынын 50-60% оң рулдуу унаалар экенин айтып, альтернативдик варианттарды, мисалы лизингге автоунааларды берүүнү сунуштады. Ошондой эле депутат Нуржигит Кадырбеков сунушталган өзгөртүүлөр кабыл алынса, көптөгөн айдоочулар жүргүнчүлөрдү мыйзамсыз ташууга аргасыз болоорун белгилеп, мыйзам долбоорун колдобоого чакырды. Добуш берүүнүн жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда четке кагылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9885