Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү сабалып каза болду. Шектүү катары Кадыр Досонов кармалды
RU

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү сабалып каза болду. Шектүү катары Кадыр Досонов кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү аёосуз сабалып, бирөө каза болгону кабарланган. Экинчиси оор абалда оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Бул кылмышты уюштурууга шектелип Кадыр Досонов кармалганын Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, каза болгон жаран Баткен облусунун 1993-жылы туулган А.Н. аттуу тургуну болгон. Анын шериги 1995-жылы туулган Н.М. (Кара-Суу районунун тургуну) денесинен (өзгөчө бутттары каттуу жабыркаган) жаракат алып, "Тез жардам" кызматы тарабынан Ош шаардык ооруканасына жеткирилген.

Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 16-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен иш козголду.

Ыкчам издөө иштеринин жана алынган маалыматтардын негизинде өзгөчө оор кылмыш жасаганга шектүүлөрдүн аты-жөнү такталды. Ошондой эле окуя кылмыштуу топтордун өз ара келишпестигинен улам келип чыкканы боюнча маалыматтар алынган.

Натыйжада оор кылмыштын уюштуруучусу катары кылмыш чөйрөсүндө "Дженго" каймана ат менен таанымал болгон Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Кадыр Досонов кармалды. Кылмышка түздөн-түз катыштыгы бар делинип анын 3 жаран шериги издөөгө алынды. Алар:

  • Раимберди уулу Акылбек, 1995-жылы туулган, Өзгөн районунун тургуну;
  • Коргонбай уулу Эламан, 1995-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну, мушкер;
  • Шакир уулу Курсантбек, 1998-жылы туулган, Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын тургун.

Шектүүлөрдүн унаалары табылып, Ош ШИИБдин айып короосуна киргизилди.

Кылмышка шектүү адамдар тууралуу маалымат билгендер болсо Ош ШИИБге кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номери: 03222-4-82-82

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9911