Ошто аоёсуз сабалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү каза болду
RU

Ошто аоёсуз сабалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү аёосуз сабалып, бирөө каза болду. Kaktus.media сайтына күч түзүмдөрүнөн билдиришкендей, окуя 13-январга караган түнү катталды.

Маалымдалгандай, 13-январга караган түнү саат 01:26да Ош шаарынын борборунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ортосунда жаңжал чыккан.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдүн аты-жөнүн тактады. Издөөгө алынгандар "Дженго" каймана аты бар Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү.

Кылмышка шектүүлөр ак түстөгү эки Toyota Camry унаасы менен окуя болгон жерден качып кетишкен.

Ошондой эле каза болгон жарандын денесинде бычактан алган жаракаттардын издери табылган. Экинчи жабырлануучу бычактан алган жаракаттары менен ооруканага жеткирилип, абалы оор экени кабарланды. Дарыгерлер аны көчөдөгү дүкөндөн табышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9908