Бишкекте төрөлгөн 3 эмдин ата-энесине 90 миң сом тапшырылды
RU

Бишкекте төрөлгөн 3 эмдин ата-энесине 90 миң сом тапшырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте декабрь айында төрөлгөн үч эмдин ата-энесине 90 миң сом берилди. Калаа башкармалыгынан кабарлашкандай, Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров акчалай жана азык-түлүк түрүндөгү белектерди өзү тапшырды.

Белгилесек, Нурзида Садырбаева өткөн жылы 20-декабрда Нурбакыт, Нурмухамет, Нурсултан аттуу уулдарды жарык дүйнөгө алып келген. Жлапысынан бул үй-бүлөдө 7 бала бар, анын ичинен алтоо эркек бала, бирөө кыз.

Бишкек мэриясы ата-энелерге жана балдарга чың ден соолук жана бакубатчылык каалап кайтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9912