Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон чек ара маселесин талкуулашты
RU

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон чек ара маселесин талкуулашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 14-январда Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү. Мамлекет башчылары эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоолор менен алмашты.

Акыркы отуз жылда мамлекеттер достуктун жана жакшы коңшулаштыктын негизинде саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүргөндүгү белгиленди.

Мамлекет лидерлери көп тараптуу түзүмдөрдүн платформаларында кызматташуунун, БУУнун жана башка аймактык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүүнүн позитивдүү тажрыйбасын баса белгилешти.

Мындан тышкары тараптар кыргыз-тажик мамилелеринин мындан аркы өнүгүүсү Борбор Азиядагы тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Жапаров менен Рахмон эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөгү акыркы жетишкендиктерди белгилешти, бул жалпы узундугунун 63%ын түзгөн 625 чакырымга жакын мамлекеттик чек ара линиясынын долбоордук сыпаттамасын аяктоого мүмкүндүк берди.

Өлкө лидерлери учурдагы бардык маселелерди саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү зарылдыгын баса белгилешип, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында сүйлөшүү процессин активдештирүү боюнча ойлорун билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9918