Оштогу адам өлтүрүү фактысы. Издөөгө алынгандардын дагы бирөө кармалды
RU

Оштогу адам өлтүрүү фактысы. Издөөгө алынгандардын дагы бирөө кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында 13-январда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү аёосуз сабалып, бирөө каза болгон.

ИИМдин басма сөз кызматынан бүгүн, 15-январда дагы бир шектүү кармалганын билдирди. Ал Шакир уулу Курсантбек, Бишкек шаарынан кармалды.

Буга чейин оор кылмышты уюштурууга шектелип кримтөбөл Дженго (Кадыр Досонов) кармалып, түздөн-түз тиешеси бар делинип жалпы беш адам издөөгө алынган. 14-январда Коргонбай уулу Эламан, Раимберди уулу Акылбек чек арадан өтүүгө аракет кылып жатканда кармалды. Ал эми Нурбек Чубаков Өзгөндөн колго түшүрүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9929