Ошто сабалып каза болгон адамдын өлүмүнө шектүүлөр колго түшүрүлдү. Видео
RU

Ошто сабалып каза болгон адамдын өлүмүнө шектүүлөр колго түшүрүлдү. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында 13-январда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү аёосуз сабалып, бирөө каза болду. Бүгүн,14-январда кылмышка түздөн-түз тиешеси бар делинип издөөгө алынган 2 шектүү кармалды.

ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Коргонбай уулу Эламан, Раимберди уулу Акылбек Чүй облусунда чек арадан өтүүгө аракет кылып жатканда колго түшүрүлдү.

Көп өтпөй эле дагы бир шектүү Нурбек Чубаков Өзгөн районунан кармалды.

Белгилесек, оор кылмышты уюштурууга шектелип кримтөбөл Дженго (Кадыр Досонов) кармалып, түздөн-түз тиешеси бар делинип жалпы беш адам издөөгө алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9925