Майлуу-Суу шаарынын тургундары суу жана жылуулук дале бериле электигине нааразы болушту
RU

Майлуу-Суу шаарынын тургундары суу жана жылуулук дале бериле электигине нааразы болушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Майлуу-Суу шаарынын тургундары аймактагы кырдаалга байланыштуу президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышты.

Алар жергиликтүү муниципалдык бийлик кышкы мезгилге даярдык көрбөгөндүгүн, жоопкерчиликсиз мамиле жасаганын айтып нааразы болушту.

"Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү үйлөрдүн 70 пайызына жылуулук берилгенин айтышты. Бирок андай эмес. Көпчүлүк үйлөрдө дагы эле суу, жылуулук жок. Мамлекеттик телеканалдар Майлуу-Сууда баары жакшы, суу, жылуулук берилди деп жатышат. Бирок андай эмес! Бул жалган", - дешет тургундар.

Шаар тургундары президенттен, УКМКнын башчысынан жана башкы прокурордон кырдаалды көзөмөлгө алып, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну суранышууда.

Белгилесек, Майлуу-Сууда 12-январда таза суу жана жылуулук берүү үзгүлтүккө учурап, аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9932