Алтынай Ботоярова "Аалам сулуусу" сынагындагы көйнөгү үчүн кечирим сурады
RU

Алтынай Ботоярова "Аалам сулуусу" сынагындагы көйнөгү үчүн кечирим сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Аалам сулуусу" сынагына катышкан модель Алтынай Ботоярова талкууга алынган образы үчүн кечирим сурады. Учурда Америкада жүргөн Алтынай кайрылуу жасады.

"Алыстан сиздердин колдооңуздарды сезип жаттым, ал үчүн ар бириңиздерге ыраазычылык билдирем. Ошол эле кезде мен кийип чыккан көйнөк боюнча нааразы пикирлер айтылыптыр. Ооба, сиздердин сын дагы туура, кыргызда кызды кадырлайт, урматтайт. Акылман Курманжандай энебизди чыгарган улуу элбиз.

Мен сынды туура кабыл алып, кийип чыккан көйнөгүм сиздердин ачууңуздарды келтирсе, ал үчүн кечирим сурайм.

Мен башка ойду айткым келген, болгону 18 жаштамын. Жаштык кылып балким жетиштүү деңгээлде ойлогон максатымды ачып бере албай калгандырмын.Бирок кыргызды сиздер канчалык жакшы көрсөңүздөр, мен андан дагы көп урматтайм", - дейт ал.

Белгилесек, сынакта Кыргыз сулуусу аялдарга, кыздарга карата зордук-зомбулук темасын козгогон кийим кийген. Анын бул образы алкоого алынса, айрымдар тарабынан сынга кабылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9950