Алтынай Ботояровага чет өлкөдөн кызматташуу боюнча сунуштар түштү
RU

Алтынай Ботояровага чет өлкөдөн кызматташуу боюнча сунуштар түштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Модель Алтынай Ботоярова "Аалам сулуусу" сынагына катышкандан кийин кызматташуу боюнча бир катар сунуштар түштү дейт. Бул туурасында ал Instagram баракчасына жазды. Учурда ал АКШда жүрөт.

"Сынактан кийин менин калуумду, келишим менен иштешүү сунуштары көп түштү. Бирок мен мекенимди тандадым. Жакында Кыргызстанга барып, жакшы көз ирмемдер менен жолугалы.

Мен сынактан жеңиш камсыздай албай калдым. Бирок Ак Мөөрдөй кыздарды чыгарган кыргыз элибизден далай сулуулар чыгат. Белгилей кетким келет, Орто Азиядан бул сынакка Кыргызстан гана катышууга мүмкүнчүлүк алды", - деп жазат Ботоярова.

Эске салсак, 14-январда "Аалам сулуусу" деп 28 жаштагы АКШнын аруусу табылды. Аталган эл аралык сулуулар сынагына 84 өлкөнүн бийкечтери ат салышып, Кыргызстандын атынан Алтынай Ботоярова катышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9951