АКШлык бийкеч "Аалам сулуусу" деп табылды. Сүрөт
RU

АКШлык бийкеч "Аалам сулуусу" деп табылды. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нью-Орлеанда өткөн "Аалам сулуусу-2022" эл аралык сынагынын жеңүүчүсү аныкталды. Таажыны 84 сулуунун ичинен АКШнын аруусу Р'Бонни Габриэль тагынды.

Ал эми вице-мисс наамын венесуэлалык Аманда Дудамель, үчүнчү орунду Доминикан Республикасынан келген Андреина Мартинес ээледи.

Жеңүүчүгө таажыны буга чейинки "Аалам сулуусу" индиялык Харнааз Сандху кийгизди.

Р'Бонни Габриэль 28 жашта, тажрыйбалуу модельер катары таанымал. Анын өзүнүн атындагы экологиялык кийимдер линиясы бар.

Аталган сынакка Кыргызстандын атынан Алтынай Ботоярова катышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9924