Эмгек сиңирген артист Малик Аликеев кайтыш болду
RU

Эмгек сиңирген артист Малик Аликеев кайтыш болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы, комузчу Малик Аликеев каза болду. Ал бүгүн, 17-январда көз жумганы "Манас" улуттук театры тарабынан белгилүү болду. Театрдын жетекчиси Азиз Биймырза уулу белгилегендей, Малик Аликеев ооруп жүргөн.

Учурда театрдын өкүлдөрү Таласка чыгып жатканын айтты.

Малик Аликеев 1969-жылы 6-июнда Талас облусунун Көпүрө-Базар айылында төрөлгөн. Атасы комузчу, ырчы болгон.

"Мөлмөлүмгө" экинчи өмүр берген ырчы эң алгач бул ырды 1986-жылы Кыргыз драма театрында өткөн жаңы жылдык концертте аткарып чыккан.

Белгилей кетсек, Малик Аликеев филармониядан кеткенден кийин чыгармачылыктан алыстап калган. Кийин ал жамбаш сөөгүн кокустатып алып, төшөктө жатып калган. 2020-жылы эки жолу операция жасалган. Бул сыноодон кийин ырчыга Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылган.

2021-жылы "Мөлмөлүм" аттуу чыгармачылык концертин Бишкекте жана Таласта өткөргөн. 2022-жылы филармонияда концерт өткөрүп, анда апасы да ырдаган. Ал концерттен түшкөн каражатка дарыланмак.

Ырчы менен жубайы Жаңыл айым экөөнүн ортосунда бир уул, бир кызы бар.

Kaktus.kg редакциясы Малик Аликеевдин дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9954