Кудрет Тайчабаров кызматтан кетүү арызын жазды
RU

Кудрет Тайчабаров кызматтан кетүү арызын жазды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бишкек" эркин экономикалык аймагынын (ЭЭА) жетекчиси Кудрет Тайчабаров кызматтан кетүү тууралуу арызын жазды. Ал арызды бүгүн, 17-январда жазганы маалым болду.

Тайчабаров белгилегендей, ал бул кызматта өргүүсүз, эс алуусуз 2 жыл иштеди. Мындан улам анын саламаттыгында көйгөйлөр болгонун айтты.

"III даражадагы гипертония менен жабыркап жатам. Ооруканага эки жолу жаткам, жумушумду алмаштырууну сунушташты. Ошондуктан ден соолугума кам көрөм. Ошондуктан арыз жаздым", - деди Тайчабаров.

Белгилесек, Министрлер кабинетинен Тайчабаровдун ордуна талапкер табылганын билдиришти. "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын жаңы жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов болушу мүмкүн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9956