Милициянын күзөт кызматкерлеринен пара алып жүргөн жетекчилер кармалды
RU

Милициянын күзөт кызматкерлеринен пара алып жүргөн жетекчилер кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ИИМдин Күзѳт кызматында иштеген айрым жетекчилер кызматкерлерден пара алууга шектелүүдө. Учурда алар камакка алынганын министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, Жалал-Абад облусунун Таш-Кѳмүр шаардык күзѳт бѳлүмчѳсүнүн начальниги милициянын майору Н.С. жана күзѳт бѳлүмчѳсүнүн взвод командиринин орун басары милициянын прапорщиги С.Т. экѳѳ ѳздүк курамдан системалуу түрдѳ опузалап акчаларын алып жүрүшкөндүгү аныкталган. Аталган бѳлүмдүн бир катар кызматкерлери бул фактыны тастыкташып беришкен.

Бул факты боюнча ИИМдин Тергѳѳ кызматы тарабынан 342-берене менен (пара алуу) кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан жогоруда аты аталган милициянын майору жана милициянын прапорщиги кармалып, ИИМдин Тергѳѳ кызматына жеткирилген. Алар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Баш коргоо чарасы жакын арада аныкталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9960