Баңгизат колдонгон милициянын сержанты камакка алынды
RU

Баңгизат колдонгон милициянын сержанты камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баңгизат пайдаланган милиция кызматкери камакка алынды. Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашат.

Маалымдалгандай, Бишкек шаарынын Ахунбаев - Шота Руставели көчөлөрүнүн кесилишинде Свердлов райондук күзөт кызматынын милиционери Э.А. кармалып, анын кызматтык формасынын сол чөнтөгүнөн кочкул-күрөң түстөгү 8,26 грамм болгон белгисиз зат табылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин негизинде (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) кылмыш иши козголгон.

Наркология борборунан кенже сержанттын баңгизатын колдонгону аныкталган. Андан тышкары ал баңгизатты сатып алган даректи айткан.

Көрсөтүлгөн даректе баңгизатты колдонуп отурган Бишкек шаарынын 4 жараны кармалды. Алар 29 жаштагы Ч.М менен Ш.уулу Ч., 33 жаштагы А.Б., 31 жаштагы Б.И.

Аталган кылмыш ишинин алкагында кармалган Бишкек шаарынын Свердлов райондук күзөт кызматынын милиционери Э.А. териштирүү аяктаганча тергөө абагына камакка алынды. Ошондой эле үйүнөн баңгизат табылган 29 жаштагы Ч.М. камакка алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9952