Малик Аликеевди "Мөлмөлүмдүн" коштоосунда акыркы сапарга узатышты
RU

Малик Аликеевди "Мөлмөлүмдүн" коштоосунда акыркы сапарга узатышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы-импровизатор жана комузчу Малик Аликеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 19-январда өттү.

Белгилүү болгондой, Аликеев "Мөлмөлүм" ырынын коштоосунда акыркы сапарга узатылды. Сөөгү киндик каны тамган Талас облусунун Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылында жерге берилди.

Кыргыздын булбулу, залкары Малик Аликеев 17-январда оорудан улам дүйнө салды.

Өмүр баяны:

Ал 1969-жылы 6-июлда Талас облусунун Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылында туулган. Филармониянын алдында түзүлгөн "Эл ырчысы-Эстебес" тобунда 16 жашынан бери ырдап келген.

Анын аткаруусундагы "Арзыкан", "Таласым", "Сардал кыз", "Жалжалым" аттуу ырлары да элдин жүрөгүндө түнөк тапкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9963