Сузакта былтыр улгайган кишиге оор залал келтирген жаран колго түшүрүлдү
RU

Сузакта былтыр улгайган кишиге оор залал келтирген жаран колго түшүрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сузакта адамдын ден соолугуна оор залал келтирип, издөөдө жүргөн жаран аныкталды. Облустук милициядан кабарлашкандай, шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары мурда ИИМдин каттоосунда турган.

Окуя 2022-жылы 18-октябрда катталган. Анда 1955-жылы туулган Ж.М. аттуу Сузактын тургунун ошол эле райондун 47 жаштагы тургуну Д.К. уруп, денесине оор залал келтирген.

Жабырлануучу жазган арыздын негизинде 130-берене (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында 3-январда шектүүгө карата издөө иши жарыяланып, 17-январда Сузак районунун 1975-жылы туулган тургуну (мурда Кыргыз Республикасынын ИИМде УКТнын мүчөсү катары каттоодо турган) Д.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9966