Оштогу адам өлтүрүү фактысы: Издөөгө алынгандардын бири милицияга өзү барды
RU

Оштогу адам өлтүрүү фактысы: Издөөгө алынгандардын бири милицияга өзү барды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Оштогу резонанстуу адам өлтүрүү фактысына тиешеси бар делип издөөгө алынган шектүүлөрдүн бири Абдивали уулу Актилек өзү милицияга барды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын берген маалыматына караганда, Абдивали уулу Актилек ушул жылдын 13-январында Ош шаарында катталган адам өлтүрүү фактысына тиешеси жок экендигин айткан.

Эске салсак, Ош шаарында 13-январда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү аёосуз сабалып, бирөө каза болгон. Кийинчерээк оор кылмышты уюштурууга шектелип кримтөбөл Дженго (Кадыр Досонов) кармалып, Ош шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган. 14-январда Коргонбай уулу Эламан, Раимберди уулу Акылбек чек арадан өтүүгө аракет кылып жатканда, ал эми Нурбек Чубаков Өзгөндөн колго түшүрүлдү. 15-январда Шакир уулу Курсантбек, Бишкек шаарынан кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9974