Майлуу-Сууда абал толук жөнгө салына элек. Бюджеттен 20 млн сом бөлүндү
RU

Майлуу-Сууда абал толук жөнгө салына элек. Бюджеттен 20 млн сом бөлүндү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 18-январда Акылбек Жапаров өзгөчө кырдаал режими киргизилген Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарына барды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров шаардагы жылуулук тармактарындагы оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүн текшерип, тургундарды ичүүчү суу жана жылуулук менен камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу ӨКМнын жана жергиликтүү бийлик органдарынын отчётун кабыл алды.

Ал шаардык коммуникациялардын келерки кышка даярдалбай калганынын себептерин, суу түтүгүндөгү авариянын жагдайын тыкыр иликтөөнү тапшырды.

Ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү жана жылыткычтарды берүү үчүн үй-бүлөлөрдүн тизмесин түзүүнү тапшырды.

Министрлер кабинетинин башчысы жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, жылуулук бериле элек батирлерди кыдырып чыкты.

"Катуу суукта сиздер кабылган кырдаал кыжырды келтирет. Сиздер жалгыз эмесиздер. Жылуулук жана суу берүүнү тез арада калыбына келтирүү үчүн колдон келгендин баарын жасап жатабыз. Кошумча трансформаторлор орнотулуп, суу кезек менен ар бир үйгө жеткирилип жатат. Кырсыктын келип чыгуу себептери иликтенип жатат жана дыкат иликтенет. Прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, күнөөлүүлөр жоопко тартылат", - деп баса белгиледи Жапаров.

Ошондой эле ал оңдоо иштерине бюджеттен 20 миллион сом бөлүнөрүн кошумчалады.

Эске салсак, катуу суукка байланыштуу Майлуу-Сууда 12-январда таза суу жана жылуулук берүү үзгүлтүккө учурап, аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Шаардагы кырдаалга байланыштуу жашоочулар президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9975