Майлуу-Сууда канча абонентке жылуулук менен ысык суу берилди? Бүгүнкү күндөгү абал
RU

Майлуу-Сууда канча абонентке жылуулук менен ысык суу берилди? Бүгүнкү күндөгү абал

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында бүгүнкү күндө көп кабаттуу үйлөрдүн 80%ына жылуулук берилди. Ошондой эле ысык суу бериле баштады дешет ӨКМнын басма сөз кызматынан.

Министрликтин маалыматына караганда, үзгүлтүккө учураган жылуулукту калыбына келтирүүгө жана шаар тургундарын суу менен камсыз кылуу үчүн жалпы 27 техника, 170 кызматкер тартылды.

Учурда 4 от казан ишке киргизилип, көп кабаттуу үйлөрдүн 80%ы жылуулук менен камсыздалды. Мындан сырткары "Кыргызнефтегаз" ишканасы шаардын Кутманова көчөсүндөгү көп кабаттуу турак үйлөрдүн жер төлөсүндөгү тоңуп калган таза суу системасын атайын техника менен эритип, жалпы 1234 абоненттин 807сине ысык суу берилди.

Эске салсак, катуу суукка байланыштуу Майлуу-Сууда 12-январда таза суу жана жылуулук берүү үзгүлтүккө учурап, аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Шаардагы кырдаалга байланыштуу жашоочулар президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9967