Журналист Болот Темиров өлкөдөн чыгарылгандан кийин биринчи жолу үн катты
RU

Журналист Болот Темиров өлкөдөн чыгарылгандан кийин биринчи жолу үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Иликтөөчү журналист Болот Темиров өлкөдөн чыгарылгандан кийин биринчи жолу кайрылуу жасады. Ал Facebook баракчасына бир нече суроолорго жооп жазды.

Айтымында, анын өлкөдөн чыгарылышы таптакыр мыйзамсыз.

"Биринчиден, мени өлкөдөн чыгаруу таптакыр мыйзамсыз. Бул айдан ачык. Мен төрөлгөндөн бери эле Кыргызстандын жаранымын. Мен жарандыктан эч качан чыккан эмесмин. Өз жаранын өлкөдөн чыгаруу дүйнөлүк соттук практикада болбогон нерсе. Экинчиден, менде баары жайында. Эс алдым. Эки дос жана алардын чабармандары менин жашоомду кыйындатканга аракет кылышты, бирок жеңип чыктым. Ал жерде кызыктуу эч нерсе жок. Үчүнчүдөн, биздин команда мурдагыдай иштей берет. Анын үстүнө биз Кыргызстандагы эң чынчыл жана эффективдүү командалардын бири экенибизди далилдедик. Бул биздин - Темиров Live жана Айт Айт Десе командасынын ушул эки жыл ичиндеги эң маанилүү жетишкендигибиз. Жакында жаңы чыгарылыштарды күтүңүздөр", - деп, колдоп, тынчсыздануусун билдиргендерге ыраазычылыгын айтты.

Эске салсак, Темиров 2022-жылы 22-январдын кечинде кармалган. Анын редакциясынын кеңсесине спецназдын жоокерлери кирип келип, журналистти кармоо учурунда Темировдун арткы чөнтөгүнөн кочкул жашыл түстөгү затты алып чыгышкан.

28-сентябрда Свердлов райондук соту Болот Темировду "Баңгизаттарды сактоо жана колдонуу", "Кыргыз Республикасынын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү" беренелери боюнча актаган. Ал эми жасалма документтер боюнча күнөөлүү деп таап, колдонуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазасыз калтырылган.

23-ноябрда соттун чечиминен кийин иликтөөчү журналист Болот Темиров өлкөдөн чыгарылды. Буга Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен укук коргоо органдарына түшкөн документтер себеп болгону айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10170