Сот Болот Темировду эки берене боюнча актады
RU

Сот Болот Темировду эки берене боюнча актады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук соту Болот Темировду эки берене боюнча актады.

Судья Болот Темировду Кылмыш-жаза кодексинин "Сатуу максатын көздөбөстөн баңги затын сактоо" беренеси боюнча анын күнөөсүн далилдей турган милициянын көрсөтмөсүнөн башка далилдер жок болгондуктан актоо чечимин чыгарды.

Ошондой эле сот аны мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген иш боюнча актады. Анткени айыптоочу тарап анын күнөөсүн далилдей алган эмес, анын үстүнө паспорту 2022-жылдын апрель айында гана жокко чыгарылып, Мамкаттоонун кызматкерлери паспорт мыйзамдуу түрдө берилгенин сот залында тастыкташкан.

Ал эми жасалма документтер боюнча күнөөлүү деп таап, колдонуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазасыз калтырылды.

Эске салсак, Темиров ушул жылдын башында, 22-январдын кечинде кармалган. Анын редакциясынын кеңсесине спецназдын жоокерлери кирип келип, журналистти кармоо учурунда Темировдун арткы чөнтөгүнөн кочкул жашыл түстөгү затты алып чыгышкан. Бирок күбөлөр таңгактарды коопсуздук күчтөрү өздөрү салып коюшканын айтышкан. Журналист бардык анализдерден өтүп, анын денесинен маңзат табылган эмес. Ошентсе да Темировго карата баңгизаттарды мыйзамсыз өндүрүү жана сактоо боюнча кылмыш иши козголгон. Бир нече айдан кийин ал Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алып, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деп шектелген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8644