Кыргызстан Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетин жоюуга куткаруучулар тобун жөнөттү
RU

Кыргызстан Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетин жоюуга куткаруучулар тобун жөнөттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 6-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар тобу жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү үчүн Түркияга кетишти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, куткаруучулар Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жардамга жөнөтүлдү.

Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча эл аралык келишимдердин негизинде урандылардын астында калган адамдарды издөөгө жана куткарууга, тазалоого Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 63 куткаруучу кетти. Алар 20 күнгө жетерлик тамак-аш азыктарын, издөө, куткаруу иштерине тиешелүү шаймандарын алып кетишти. Мындан сырткары урандылардын астынан жабыр тарткан адамдарды издөөгө ӨКМга караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун машыктырылган 2 ит тартылат.

Жардам берүүгө чыккан курамда куткаруучулар, врач, фельдшерлер, психологдор, кинолог бар.

Белгилей кетсек, жакынкы арада Түркияга гуманитардык жардам да жөнөтүлөт.

Белгилей кетсек, 6-февралдын таңында Түркияда күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Ошондой эле Сириянын Түркия менен чектешкен аймагында да жер силкинип, кыйроолор менен коштолуп, жалпы 1000ден ашуун адам набыт болду. Миңдеген адамдар жабыркады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10217