Перизат Суранованы ооруканага жаткыруу маселеси каралууда
RU

Перизат Суранованы ооруканага жаткыруу маселеси каралууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

СИЗОдо отурган активист Перизат Суранованы ооруканага жаткыруу маселеси каралууда. Мындай маалыматты Жазаларды аткаруу кызматынан кабарлашты.

Белгиленгендей, айыпталуучуга бардык адистер (терапевт, невропатолог, гинеколог, кардиолог, ж.б.) сунуштаган медициналык текшерүүдөн өтүүгө шарт түзүлгөн.

Суранова бир нече жолу Жаза аткаруу тутумунун дарыгерлери, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун, улуттук оорукананын жана башка саламаттыкты сактоо уюмдарынын дарыгерлери тарабынан текшерилип, консультациялардан өткөн. KORTEX неврологиялык борборунда, №6 үй-бүлөлүк медицина борборунда жана Чүй облустук ооруканасында текшерилип, УЗИ, электроэнцефалограмма жана магниттик-резонанстык томографиядан өткөн.

Мүмкүн болгон кесепеттер тууралуу түшүндүрмөлөргө карабастан Суранова тергөө изоляторунун медициналык бөлүмүндө дарылануудан баш тарткан. Ошондой эле 2022-жылдын декабрь айында ден соолугуна кооптуу экендиги жана бул аракетинин мыйзамсыздыгы тууралуу эскертүүлөргө карабастан ачкачылык жарыялаган.

2023-жылдын 1- февралында айыпталуучу шаардык гинекологиялык оорукананын шартында текшерилип, консилиюмдун жыйынтыгында "Пландуу хирургиялык дарылоого туура келет. Шашылыш хирургиялык дарылоого көрсөтмөлөр жок" деген диагноз коюлган. Пландаштырылган хирургиялык дарылоо сунушталган.

Учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте Перизат Суранованы ооруканага жаткыруу маселеси каралып жатканын айтышат ЖАКтан.

Активисттер, саясатчылардын массалык кармалышы (57 статей)
Кемпир-Абад боюнча айыпталуучулардын камактагы мөөнөтү узартылды
30 Ноябрь 2023, 09:17
Вашингтондо кыргызстандыктар элчиликтин алдына митингге чыгышты. Сүрөт
26 Октябрь 2023, 09:48
Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын үчөө үй камагына чыкты
28 Август 2023, 13:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10225