"Талап бирөө". Садыр Жапаров "Азаттык радиосу" медиакорпорациясынын президентин кабыл алды
RU

"Талап бирөө". Садыр Жапаров "Азаттык радиосу" медиакорпорациясынын президентин кабыл алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Эркин Европа/Азаттык радиосу медиакорпорациясынын президенти Джейми Флайды кабыл алды. Президенттин администрациясынан билдиришкендей, жолугушуу Флайдын өтүнүчү менен болду.

Мамлекет башчы Кыргызстанда эркин жана демократиялык өлкө катары көз карандысыз маалымат каражаттарынын толук кандуу иштеши үчүн бардык шарттар бар экенин, сөз эркиндиги болсо коомдун турмушунун ажырагыс бөлүгү экенин белгиледи.

Президент бардыгы үчүн бирден-бир талап – бул улуттук мыйзамдарды сактоо экенин, ага ылайык жалган маалыматтарды таратууга тыюу салынганын баса белгиледи.

Өз кезегинде Джейми Флай мамлекет башчысына жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандагы сөз эркиндигинин жогорку деңгээлин ырастады.

ЖМКларга болгон кысым (43 статьи)
Сот Kloop Mediaны жоюу чечимин чыгарды
10 Февраль 2024, 10:42
Камакка алынган 11 журналисттин жакындары акыйкатчыга даттанышты
26 Январь 2024, 12:49
"Соттор да күн карама өңдүү". CИЗОдогу журналист Сайпидин Султаналиев кайрылуу жасады
23 Январь 2024, 15:30
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10296