Былтыр 16 турак жай кооперативине иш козголгон. Келтирилген зыян миллиардга жакын
RU

Былтыр 16 турак жай кооперативине иш козголгон. Келтирилген зыян миллиардга жакын

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2022-жылы алдамчылык фактылары менен жалпысынан 16 турак жай кооперативине арыз-даттануулар келип түшкөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алар: "Ак үй КЖ", "Жилье Гарант" , "Элдик Групп", "Ихсан Групп ЛТД", "Береке ЛТД", "Дарим хаус", "Ордо-Мурас", "М строй групп", "С-Лайн", "Биринчи турак-жай кооперативи", "Ансар", "Ипотека", "МПК коператив", "Нью миленниум", "Эл биримдиги".

2022-жылдын 12 айына карата:

  • Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 1515 кылмыш иши катталган, мурунку жылдан 9 кылмыш иши өткөн, бардыгы болуп 1524 кылмыш иши өндүрүшкө алынган.
  • Анын ичинен 1284 кылмыш иши соттук кароого жиберилген.
  • Жалпысынан 1524 адам жабырлануучу болуп табылган.
  • Жалпы келтирилген материалдык зыян 901 млн. 726 миң 29 сомду түзөт.
  • Учурда өндүрүлгөнү 108 млн 855 миң 713 сом.

Бардык козголгон кылмыш иштери мыйзам чегинде тергелип сотко жиберилди. Учурда калган кылмыш иштери боюнча тергөө улантылып жатканын айтышты министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10091