Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жер титиреди
RU

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жер титиреди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында кечээ, 1-мартта жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалым болгондой, эпицентрде күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө Бишкек убактысы боюнча саат 17:50дө катталган. Бул Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында - Кызыл-Жар айылынан 10 чакырым, Шамалды-Сай айылынан 17 чакырым батыш тарапта жана Майлуу-Суу шаарынан 40 чакырым алыстыкта ​​болгон.

Кыргызстандын аймагында жер титирөөнүн күчү 2,5 баллдан 3 баллга чейин сезилди. Кыйроолор катталган жок.",- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, акыркы убакта республиканын аймагында, анын ичинде Ош жана Чүй облустарында бир нече жер титирөө катталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10605