Мурдагы сот Камиль Осмоналиевдин особнягы сатыкка коюлду. Старттык баасы
RU

Мурдагы сот Камиль Осмоналиевдин особнягы сатыкка коюлду. Старттык баасы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Соттун мурдагы судьясы Камиль Осмоналиевдин особнягын Мамлекеттик ипотекалык компания сатыкка койду. Бул туурасында компаниянын маалыматында айтылат.

Эки кабаттуу заңгыраган үй Орто-Сай айылындагы "Сары-Өзөн" VIP шаарчасында жайгашкан.

Мүлктүн башталгыч баасы 68 миллион 755 миң сом (786 миң доллардан ашат).

Аукционго катышуу үчүн 20 миң сомду кепилдик катары төлөп, сатык старт алганга чейин арыз калтыруу керек. Арыздарды кабыл алуу 6-мартта токтотулуп, эртеси саат 15:00дө Бишкектин Токтогул көчөсүндөгү 228 дарегинде аукцион өтөт.

Эске салсак, 2020-жылы декабрь айында УКМК Жогорку Соттун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы Камиль Осмоналиев мыйзамсыз байыган фактыны аныктаган.

Кийин Биринчи Май райондук сотунун эч жакка чыкпоо тил каты менен судья бошотулган. Осмоналиев күнөөсүн моюнга алып, 70 млн сом зыяндын ордун толтурган. Дагы 44 млн сомду 3 айдын ичинде төлөөгө милдеттендирилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10652