АКШ Кыргызстандын жарандары үчүн виза күтүү убактысын кыскартты. Канчага?
RU

АКШ Кыргызстандын жарандары үчүн виза күтүү убактысын кыскартты. Канчага?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Анда өлкөлөр ортосундагы саясий жана экономикалык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды. Лесли Вигеринин айтымында, АКШ креативдүү, санариптик жана жашыл экономиканы өнүктүрүүдө кызматташууга өзгөчө көңүл бурат. Ал ошондой эле кыргызстандыктардын АКШга виза алуу боюнча арыздары мурдагыдай эки жыл эмес, 60 күндүн ичинде карала турганын кошумчалады.

Нурланбек Шакиев кошумчалагандай, акыркы жылдары АКШ менен Кыргызстандын мамилеси пандемиядан улам солгундап кеткен жана аларды калыбына келтирүү боюнча иштер маанилүү. Ал ошондой эле Лесли Вигериге кыргызстандыктар үчүн визанын мөөнөтүн узартып, аларды алуу шарттарын жеңилдетүүнү сунуштады.

Эске салсак, буга чейин АКШнын Бишкектеги элчилиги виза алуу үчүн кезек күтүүнү кыскартканы айтылган. Ошондой эле Кыргызстан АКШдан жарандары үчүн туристтик визалардын мөөнөтүн он жылга чейин узартууну суранганы маалым болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10694