ЖККУнун баш катчысы Имангали Тасмагамбетов бүгүн Кыргызстанга келет
RU

ЖККУнун баш катчысы Имангали Тасмагамбетов бүгүн Кыргызстанга келет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ЖККУнун баш катчысы Имангали Тасмагамбетов бүгүн, 9-мартта Кыргызстанга келет

Ал президент Садыр Жапаров, Коопсуздук кеңешинин катчысы, Тышкы иштер министрлигинин жана Коргоо министрлигинин жетекчилери менен жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу ЖККУнун расмий сайтында жазылат.

Маалыматка ылайык, сапар 2 күнгө созулат. Бул Тасмагамбетовдун ЖККУнун башкы катчысы катары Бишкекке биринчи сапары болмокчу.

Белгилей кетсек, буга чейин ЖККУ Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы чыңалууну басаңдатуу боюнча чараларды сунуштаары кабарланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10768