Кербендеги ооруканадан чыккан өрт толук өчүрүлдү
RU

Кербендеги ооруканадан чыккан өрт толук өчүрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абаддагы Аксы жалпы дарыгерлер практикалык борборунан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жабыркагандар жок.

Өрттүү өчүрүүгө жалпы 4 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 11:10до чектөөгө алынып, саат 11:23тө толук өчүрүлдү.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана толук материалдык чыгым такталууда.

Белгилесек, бүгүн, 13-мартта Кербен шаарындагы оорукананын төрөт бөлүмүнөн өрт чыкты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен жалпы 134 бейтап эвакуацияланганын, жерине саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова жөнөп кеткенин маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10868