Талас жеринде 9 күн айтылган "Манас" эпосу толугу менен жазылып алды
RU

Талас жеринде 9 күн айтылган "Манас" эпосу толугу менен жазылып алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас облусунда 9 күн бою айтылган улуу баян Улуттук илимдер академиясы тарабынан жазылып алынды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, мындай демилге окумуштуулар тарабынан көтөрүлгөн.

Максаты - "Манас" эпосун илимий жактан изилдөө. Алдын ала маалыматтарга ылайык, манасчыларга портреттик мүнөздөмө, текстологиялык анализдер, ошондой эле манасчылар тууралуу атайын басмалар чыгарылат.

Белгилесек, 13-21-мартка чейин Улуттук "Манас" театры тарабынан уюштурулган 9 күндүк "Манас" эпосун айтууга 30дан ашуун манасчы катышты. Руханий иш-чара Талас шаарында Манастын айкелинин ачылышына карата даярдалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10980