БУУнун башкы катчысы Садыр Жапаровго адам укугу боюнча кеңеш түзүүнү сунуштады
RU

БУУнун башкы катчысы Садыр Жапаровго адам укугу боюнча кеңеш түзүүнү сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-мартта, БУУнун Башкы катчысынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү, БУУнун Борбордук Азия үчүн алдын ала чара көрүү боюнча аймактык борборунун башчысы Наталья Герман менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма соз кызматы маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, биргелешип кызматташуунун актуалдуу багыттары талкууланды, ошондой эле өлкөдөгү коомдук-саясий процесстер жана эпидемиологиялык кырдаал боюнча пикир алышуу болду.

Садыр Жапаров бүгүнкү күндө өлкөдө кырдаал туруктуу экенин, Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча референдум өткөрүүгө даярдыктар көрүлүп жатканын баса белгиледи.

Пандемиянын өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалга тийгизген терс таасирин белгилеген Президент бул илдет жана анын кесепеттери менен каршы күрөшүүдө БУУнун колдоосуна үмүт артарын кошумчалады.

Өз кезегинде Наталья Герман БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутеррештин Борбордук Азия чөлкөмүндөгү, айрыкча, Кыргызстандагы процесстердин өнүгүшүнө кылдат байкоо жүргүзүп жатканын баса белгиледи.

Ал кыргыз тарапты эл аралык өнөктөштөрү менен биргеликте аргасыздан чет өлкөдө калган 79 баланы Ирактан кайтаруу боюнча гуманитардык операциянын ийгиликтүү ишке ашырылышы менен куттуктады.

Наталья Герман берген маалыматтар боюнча үстүбүздөгү жылдын жайында "Нью-Йорктогу контртеррористтик жумалык" аттуу терроризмге каршы акция өткөрүү пландаштырылган. Анда Кыргызстандын өз жарандарын мекенине кайтаруу боюнча ийгиликтүү тажрыйбасы кеңири чагылдырылат.

БУУнун Башкы катчысынын атайын өкүлү өлкөдөгү алдыдагы шайлоо процесстери калктын бардык катмарынын катышуусу менен ачык-айкын өтөт деп үмүт артарын билдирди.

Мындан сырткары, ал улуттук мыйзамдарды инвентаризациялоого, калкты коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдө кызматташууга эксперттик жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгилеп, Кыргызстан менен БУУнун ортосунда адам укуктары боюнча биргелешкен кеңеш түзүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1110