Жапаров Улуттук статистикалык комитеттин ишин электрондук форматка өткөрүүнү талап кылды
RU

Жапаров Улуттук статистикалык комитеттин ишин электрондук форматка өткөрүүнү талап кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-мартта, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы Самат Насирдиновду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Самат Насирдинов Улуттук статистикалык комитеттин 2020-жылдагы ишинин жыйынтыктары жана 2021-жылга карата коюлган артыкчылыктуу пландар тууралуу маалымат берди. Ал ошондой эле үстүбүздөгү жылы өткөрүлө турган калкты жана турак жай фондун каттоого даярдыктар жөнүндө айтып берди.

Ведомствонун жетекчиси берген маалыматка ылайык, 2020-жылдын июль айында улуттук статистика системасынын натыйжалуу иштешин камсыз кылууга, сапаттуу расмий статистикалык маалыматтарды чыгарууга жана калктын расмий статистикага болгон ишенимин жогорулатууга багытталган Кыргыз Республикасынын "Расмий статистика жөнүндө" мыйзамы күчүнө кирген.

Президент Садыр Жапаров Улуттук статистикалык комитети өз ишин санарипке, отчеттуулукту жана маалыматтарды иштеп чыгуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү үчүн статистикалык отчеттуулуктун формаларын электрондук форматка өткөрүү боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле Садыр Жапаров калкты жана турак жай фондун каттоого даярдыктарды сапаттуу жана өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен камсыз кылууну тапшырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1070