Ошто кылмыштуу топтун мүчөсүнүн өлтүрүлүшү. Тогузунчу шектүү кармалды
RU

Ошто кылмыштуу топтун мүчөсүнүн өлтүрүлүшү. Тогузунчу шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн аёосуз сабалып, өлтүрүлүшү боюнча дагы бир шектүү кармалды. Бул туурасында Ош ШИИБден кабарлашты.

Шектүү 1988-жылы туулган Ж.А., Өзгөндүн тургуну. Ал тергөө кызматынын маалыматына караганда, кылмыштын негизги фигуранттарынын бири. Учурда бул факты боюнча ыкчам тергөө иштери уланууда.

Эске салсак, 13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ортосунда жаңжал чыгып, алардын бири бычакталып каза болгон. Экинчи жабырлануучу арматура менен катуу сабалгандан кийин оор абалда реанимация бөлүмүнө жеткирилип, бирок кийин өзүнө келип, азыр реабилитациядан өтүп жатат.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында онго жакын адам издөөгө алынып, Ж.А.дан башкасы дээрлик бардыгы кармалган. Алардын арасында кримавторитет Кадыр Досонов да болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11240