Оштогу адам өлтүрүү фактысы: ИИМ жабырлануучулар менен шектүүлөр тууралуу маалымат берди
RU

Оштогу адам өлтүрүү фактысы: ИИМ жабырлануучулар менен шектүүлөр тууралуу маалымат берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Оштогу резонанстуу адам өлтүрүү фактысына кримтөбөл Кадыр Досоновдун катыштыгы бар экенин ИИМдин Тергөө кызматынын жетекчиси Альтаир Исмаилов билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-январдагы маалымат жыйында айтты.

Исмаилов белгилегендей, тергөөдө тиешелүү далилдер бар.

"Өзгөчө оор кылмыш боюнча иш козголуп, шектүүлөргө карата тергөө иштери жүрүүдө. Тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу колго түшүрүлгөн шектүүлөр кандай көрсөтмө бергенин айта албайбыз. Сот бизди колдоп, кармалгандарды бошотпойт деп үмүттөнөбүз", - деди ал.

Ал эми ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев жаңжал эки кылмыштуу топтун ортосунда болгонун белгиледи.

Айтымында, каза болгон жаран каракчылык, денеге оор залал келтирүү менен жоопко тартылган. "Ошондой эле ал баңги затын сатканы үчүн кармалышы керек болчу, тергөө жүрүп жаткан. Ал эми учурда жаракаттары менен ооруканада жаткан жабырлануучу дагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү. Ал опузалоо, тоноо, ээнбаштык, денеге анча эмес оор залал келтирүү менен соттолгон", - деди ал.

Жабырлануучу тарап менен шектүү тарап карама-каршы топтун мүчөлөрү экенин кошумчалады.

Эске салсак, Ош шаарында 13-январда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү аёосуз сабалып, бирөө каза болгон. Кийинчерээк оор кылмышты уюштурууга шектелип кримтөбөл Дженго (Кадыр Досонов) кармалган. 14-январда Коргонбай уулу Эламан, Раимберди уулу Акылбек чек арадан өтүүгө аракет кылып жатканда, ал эми Нурбек Чубаков Өзгөндөн колго түшүрүлдү. 15-январда Шакир уулу Курсантбек, Бишкек шаарынан кармалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9937