"Вечерний Бишкек" - Kaktus. Доогер Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ишенбей жатат
RU

"Вечерний Бишкек" - Kaktus. Доогер Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ишенбей жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 30-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Вечерний Бишкектин" Kaktus.media сайтына каршы доо арызы боюнча соттук отурум уланды.

Жактоочу Нурбек Садыков Kaktus.media сайтынын домендик аталышына ээлик кылуу өтүнүчү менен кайрылган. Бул азыркы процесс үчүн талап кылынат. Адвокат ошондой эле доогердин 2,8 миллион сом салык карызын жана 37 миллион сомдон ашык камсыздандыруу төгүмдөрүн тастыктаган Мамлекеттик салык кызматынын маалымкаттарын ишке тиркөөнү суранды.

"Вечерний Бишкек" басма үйү" ЖАКтын кыймылсыз мүлкүн камакка алуу боюнча "Кадастр" мамлекеттик мекемесинен маалымкат берилген. Мекеме мүлккө карата беш камакка алуу боюнча документ көрсөткөн.

Доогер бул шилтемелердин ишке тиешеси жок деп эсептейт. Себеби редакция салык кызматы менен соттошуп жатат.

"Иш атайылап маалымкаттар менен созулуп жатат деп эсептейбиз. Сиздер банкротпу же банкрот эместигин так айтышыңыздар керек. Биз карыздар боюнча талашып, соттошуп жатабыз. Мамлекеттик салык кызматы каалагандай жазып коё алат", - деп

билдирди доогердин кызыкчылыгын коргогон Жайылкадыр Жумабеков.

Айыпталуучу тараптын жактоочусу Нурбек Садыков доогер арызда басылма жарнамалардын кыскарышына себеп болду деп жазганын эске салды. Буга ылайык, так түшүндүрүп берүүнү суранды.

"Алар маалыматты окуп, биз менен иштешүүдөн баш тартышты. А биз жарнамадан дивиденд алчубуз. Бул басылма биздин авторитетибизге шек келтирет", - деди Жумабеков.

Садыков жарнак "Рубикон" ЖЧКсы аркылуу келерин тактады. Доогер бул билдирүүгө макул болуп, бирок "Вечерний Бишкек" ЖАКтын документтери аркылуу да келерин кошумчалады.

"Канча кеткени боюнча отчёт берүүнүн кажети жок. Бул биздин ички иштерибиз. Бирок биз жарнак берүүчүлөргө гезитти чыгарууну токтотууну эскерткенбиз", - деди Жумабеков.

Адвокат Садыков домендик аталыштын сертификатын мамлекеттик тилде тастыктоо үчүн тыныгуу сурады.

Сот кийинки отурумду 27-апрелге саат 16:00гө жылдырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11250